Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата шаарларынын суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү үчүн насыялык жана гранттык каражаттар бөлүнөт

Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү боюнча насыялык макулдашуу жактырылды. Бул тууралуу 7-мартта парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, Ош, Кара-Суу, Чолпон-Ата шаарларынын суу менен жабдуу тутуму өткөн кылымдын орто чененинде эле курулгандыктан, алар алмаштырылууга муктаж. Ошондон улам Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен аталган шаарлардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык келишимдерге кол коюлган.

Долбоордун алкагында Ош шаарына 10 миллион 765 миӊ евро, Кара-Суу шаарына 6 миллион 300 миӊ евро, Чолпон-Ата шаарына 6 миллион 200 миӊ евро көлөмүндө насыялык жана гранттык каражаттар бөлүнөт.

Келишимде республикалык бюджеттин эсебинен чыгымдар каралган эмес.

Жыйын алкагында "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо, анын ичинде Чолпон-Ата шаарынын айланасындагы пансионаттардын саркынды сууларын тазалоо жайларын оӊдоо көйгөйүн көтөрдү.

“Биз экология маселесин көп айтабыз, бирок эч нерсе кылбайбыз. Көл жээги таштандыга толуп, саркынды суу көлгө кошулуп, сазга айланып калды. Анын жоопкерчилигин ким тартат?” - деген собол салды.

Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин өкүлү быйыл сууну тазалоо жайларын куруу багытында 22 миллион сом бөлүнгөнүн, эми тендер жарыялоо иши колго алына турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан