1 жылдан бери Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалпы типтеги социалдык стационардык мекемеде жашаган 79 жаштагы Виктор Лебедев пенсиясын үнөмдөп, 25 миң сом каражат чогултуп, "Я - без позыва к взвеличию" деп аталган ыр китебин чыгарды. Каражаттын тартыштыгына байланыштуу китеби 40 нускада гана чыгарылып, тааныштарына, досторуна таратып берген. Маектешим уламдан улам патриоттук, сүйүү жана тагдыр жөнүндөгү ырларын окуп берип жатты. Өзү ырларынын арасынан "Ысык-Көлдүн чайлары" деген чыгармасын өзгөчө жакшы көрөт.
В.Лебедев мындай тагдырга туш болгондугун ал Кыргыз жерине болгон ченемсиз сүйүүсү менен байланыштырат.
"Мен Өзбекстанда төрөлгөм. 1944-жылы энем жана өгөй атам болуп Кыргыз жерине көчүп келдик. Бул жердин тоолоруна, кооз жаратылышына катуу байландым. Эр жетип, үйлөнүп, өлкөдөгү машина куруучу заводдо токарь болуп иштеп жүрдүм. 1 уул, 1 кыздуу болгонбуз. 1985-жылы кызым орусиялык жигитке турмушка чыгып, ошол жакка кеткен. Кийин күйөө балам ооруп чакыртышты, биз барганча каза болуп калыптыр. Кызым 2 кичинекей кызы менен жапжаш боюнча жесир калды деп, жубайымды кызым менен калуусун өтүндүм. Уулумду ошол жылы Кыргыз жеринен Орусиянын Бологое шаарына аскерге чакырып калышты. Ошентип менин үй-бүлөм Орусияда калды, мен кайра заводдо ишимди улантуу үчүн бул өлкөгө кайттым. Аралык алыс болгондо ар кандай учурлар болот экен, мен бул мекенимди таштап Орусияга барган жокмун. Советтер Союзу тарагандан кийин ал кайрадан курулбай калган сыяктуу эле, ошол жылдары чачырап кеткен үй-бүлөм кайра топтолгон жок", - дейт пенсионер.
Ал кошумчалагандай кийин башка келин менен таанышып, чогуу 2 жыл жашагандан соң никесин мыйзамдаштырууну сунуштаган.
"Бирок ал келин баш тартты. Мен анын кара өзгөй максат менен жүргөнүн кийин түшүндүм. Уулум ооруп, Орусияда 6 ай жүрүп калдым. Келсем ал мага көп кагаздарды алып келип, "пенсиянын кагаздары кол коюп кой" деди. Мен эч нерседен шектенбей эле кол койдум, көрсө мен жок кезде ал үйдүн документтерин бүт өзүнүн наамына өткөрүп алуу үчүн даярдап койгон экен. Ошол документтерге кол коюптурмун. Бул маселе боюнча далай ызылдап, көп инстанцияларга кайрылдым. Бирок үйүмдү кайтарып ала алган жокмун", - деп кошумчалады Виктор Лебедев.
Учурда кызы менен телефон аркылуу кээде байланышып турат, ал эми уулу атасы менен мамилесин үзгөн.
Виктор Лебедев 1957-60 жылдары Германияда аскер кызматын өтөгөн. Ошол жылдардан тартып түрдүү тематикадагы ырларды жазат.
Пенсионер жылына 2000ге жакын ыр жаратат, дагы китеп чыгарсам деп аракет көрүүдө.
Машина куруучу заводдо 48 жыл токарь болуп эмгектенген.