ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: "Патрулдук милиция кызматкери куттуктап, туулган күнүмдү эстетти" дейт 25ке чыгып жаткан Самат Эркинбек уулу

Мындан 25 жыл мурун, 1992-жылы 16-мартта "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында туулган. Самат Эркинбек уулун куттуктап байланышка чыксак, туулган күнүндө маанайы эң жогору экенин айтты. Алгачкылардан болуп күлкү жаратуучуну жубайы куттуктап, көптөгөн жакындары, достору куттуктап жатышканын кошумчалады.

"Үйгө жумуштан кийин түндө барсам, келинчегим жаркылдап, тамагын берип куттуктады. Андан кийин эле досторум чалып башташты. Негизи жыл сайын эле туулган күнүмдө шаардан кетишим керек болуп калат. Бул жылы да жумуштап, шашып бир жакка бара жатсам, Патрулдук милициянын кызматкери тосуп калды. Ал байке "Дооронсуңбу, Саматсыңбы?" деп күлүп сурап калды. Күбөлүгүмдү берсем, "туулган күнүң менен" деп куттуктап сүйүнттү, ага чейин туулган күнүмдү унутуп деле коюптурмун", - деп күлдү "тамашоучу".

Бул анын милиция кызматкерлери менен болгон жалгыз окуясы эмес экенин билдирип, дагы бир окуясын айтып берди:

"2 жыл мурун туулган күнүмдө шаарга шашып бара жатып, ылдамдыкты жогорулатып жибергем. Ошондо күбөлүгүмдү алдырып жибергем. Негизи ар дайым эле ылдамдыкты жогорулатып кармалып кала берем".

Ал эми кечинде досторунун, келинчегинин курчоосунда борбордо шерине тосору белгилүү болду.

Самат Эркинбек уулу 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушундагы №77-мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы аяктаган. "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа 2", "Көк салкын", "Көк салкын 2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист" тасмаларында роль жараткан.

16-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
admin_portal
2017-03-16 15:07:00
panda7, адепсиз, уят сөздөрдү колдонууга болбойт! Эскертүү!
-1
JanEka
2017-03-16 15:12:31
Бир мешок акча, докторайболот тасмалар да бар
+1
futboler
2017-03-16 15:31:35
Ошондой созунорду айтпагылачы унутуп калыпмын деп, акыл эсинер бар эле адамдарсынар го, бироо укса уят (кундо окуйм туулган кунумду унутуп калыпмын дегендерди)
+11
Azatbek83
2017-03-16 16:19:09
futboler,Буларга унутуп калыпмын деген соз мода болуп калган.Баары эле ушунтип айтышат каарып калгансып кантип эле унутуп калсын болот унуткандар а бирок бул артистерин унутушпайт просто кызыктуурак болсун дешип ушул созду мода кылып алышкан.Жакында озунорду да унутуп калбайсынарбы!!
+7
Adiletto
2017-03-16 18:45:49
Кантип унутасын кудайды карап калп айтсан боло.
Ырчылар склероз болуп калдынарбы. Атынды унутуп койбойсунбу.
Ырчы чоорчулардын туулган кун эрте башталат
+2
Adiletto
2017-03-16 23:03:23
Эки кун эрте башталат
0
Hadyja
2017-03-16 15:42:54
Жумушу коптор унутуп калганына тан калбайм.Анткени кээде биз деле "бугун канчанчы кун","бугун мынчасы"деп туура эмес кундорду айтып алган учурлар болот.Ошого туулган кунун жумуштары мн журуп,унутса,тувоа тушунгуло.Самат болсо жакшы алам деп ойлойм.Бактылуу болсун
0
nazgulum
2017-03-16 15:56:32
Туулган кунду унутуп калыш мода болдуго)))
+10
tavanova.sarah
2017-03-16 16:28:17
Жылдыздар чекеден эле склероз болуп баратышабы?))
Экообуз бир кундо туулуппузда. Мен саат 00:00кийин, ким биринчи куттуктайт экен деп чекчейииип отурамынго унутпайле))
+6
modem4999
2017-03-16 16:33:33
Азамат жакшы актер, ийгилик каалайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан