Режиссёр Актан Арым Кубат "Кентавр" тасмасы Берлиндеги "Берлинале" кинофестивалында сыйлыкка татыганын бүгүн, 22-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, аталган тасма сынактын шарты боюнча беш жолу көрсөтүлүшү керек болчу. Бирок көрүүчүлөрдүн суранычы менен он жолу көрсөтүлгөн.
"Бул фильмдин тартылганына бир жыл болду, шартка байланыштуу көрсөтпөй жүргөнбүз. Ал жакта абдан жакшы кабыл алышты. 10-февралда көрсөтүлгөндөн кийин Берлинден келе бердик. Келиним тасманын продюсери, кинофестивалдын уюштуруучулары ага чалып, жакшы кабарды айтышыптыр. Чынында такыр күткөн эмеспиз, эртең менен келиним сүйүнчүлөдү", - дейт режиссёр.
Фильмдин сценарийи Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаровго таандык. Маалымат жыйынга режиссёрлор жана тасманын башкы каармандарынын бири Зарема Асаналиева катышты.
"Ушундай режиссёрлордун мени тандагандыгы мен үчүн сыймык. Дудук аялдын ролун ойнодум. Бүл үчүн атайын дудуктардын мектебине 2 ай барып, алардын сүйлөө кыймылдарын үйрөндүм. Болушунча берилип ойнодум деп ойлойм", - дейт З.Асаналиева.
"Фильмди элге жайылтуу маанилүү. Биздин коом көп идеалогиялык багыттардын жуурулушмасы болуп калды. Биз, кыргыздар өзүбүздүн баштапкы көрөңгөбүздү жоготуп албайбызбы? деген суроолорго жооп ала турган фильм", - дейт Эрнест Абдыжапаров.
Фильмдин башкы каарманынын образын Актан Арым Кубат өзү аткарган. Тасмада дин маселеси да камтылгандыктан коомдо чуу жаралабы деген чочулоо пайда болуп жатканын айтат ал.
"Эл кандай кабыл алат деп коркуп турам. "Свет аке" тасмасы да коомдо чуу жаратты. Болгону мен анда чындыкты көрсөткөм. Чоң бизнесмендер чет жердеги өнөктөштөрү келгенде кыздарды сунуштаганы чындык да. "Кентавр" тасмасында да ушул сыяктуу чуу жаратуучу эпизоддор бар.
Менин башымдан өткөн окуя: мурдагы кинотеатрдын имаратын мечит кылып алышкан. Мен ойлойм эгер адамдын түшүнүгү, маданияты жогорку деңгээлде болбосо ал динди да түшүнө албайт. Дин болушу керек, бирок арабдашуу туура эмес. Биз тасмада кыргыздын улуттук салт-санааларын сактоого чакырдык" , - дейт Актан Арым Кубат.
"Кентавр" Кудайды издеген жана өзүнүн улуттук түпкү салт-санаасын сактап калуу аракеттерин көргөн адам жөнүндө тасма. Ал сөз гректердин мифтеринде кездешет.
Тасма Кыргыз гана эмес Франция, Германия, Нидерланды жана Япониянын кино жаратуучулары менен биргеликте тартылган. Актан Арым Кубат тасманын бюджети тууралуу ачык айта албай турганын билдирип, улуттук идеологияны камтыгандыктан кеткен чыгымдын 10-15 пайызы мамлекет тарабынан берилгенин айтат.