Белгилүү Голливуд жылдыздары Брэд Питт менен Анжелина Жолинин мамилеси ажырашып жаткандыгы тууралуу коомчулукка расмий кабарлагандан кийин алгачкы жолу жөнгө салынды. Тагыраагы, бир нече айдан кийин экөө тынч абалда сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ишенимдүү булактарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар бүгүн, 23-мартта жазып чыгышты.
"Брэд менен Анжелинанын мамилеси мурункудай оор болбой, жакшырууда. Экөө теӊ кыйын учурду жеӊип, өтө алышты. Учурда алар болгон көӊүлүн балдарына жана жумушуна бөлүп, мамилелерин жакшыртуу үчүн иштеп жатышат. Брэд Питт өзүн бактылуу сезип калды. Мурун анын тынчын алган нерселер азыр өтө мааниге ээ эмес. Питт Жоли тууралуу дайыма балдарынын жана үй-бүлөсүнүн келечегин ойлогон жакшы эне деп эсептечү. Акыркы кезде Питт балдары менен тез-тез көрүшө турган болду. Баары акырындап жайына келүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Анжелина Жоли 2016-жылдын сентябрь айында ажырашууга арыз берген. Ал эми жогорудагы маалыматта ажырашуу процесси кандай жүрүп жатканы тууралуу айтылбайт.