Брэд Питт балдары үчүн Анжелина Жоли менен жарашууну көздөөдө

Өткөн жумада чет элдик басылмалар белгилүү жылдыздар Брэд Питт менен Анжелина Жоли бир нече айдан соӊ алгачкы жолу тынч абалда сүйлөшүү жүргүзүшкөнү тууралуу маалымдаган эле. Мүмкүн ушул жолугушуу Питтин бир чечим кабыл алышына түрткү болгонбу, айтор, актёр балдары үчүн ажырашууга арыз берген Жоли менен кайра жарашууга бел байлаган. Бул тууралуу түгөйлөрдүн жакындары билдиргенин айтып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"E! News" басылмасынын билдиргенине караганда түгөйлөр февраль айында эле сүйлөшө башташкан. Тагыраагы, Питт үй-бүлө мүчөлөрүнө жолугуу үчүн Камбоджа өлкөсүнө жашыруун учуп барган. Актриса интервью берип жаткан учурда Питт балдары менен убактысын өткөргөн. Мындай учурду папараццилер байкаган эмес.

Белгилей кетсек, февраль айында Анжелина Жоли өзү режиссёрлук кылган "Алгач алар менин атамды өлтүрүштү. Камбоджа кызынын эскерүүсү" (First They Killed My Father) тасмасына арналган пресс-конференцияга катышуу үчүн Камбоджа өлкөсүнө барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2017-03-29 16:32:07
Чымчыктын дагы уясы бузулбасынчы.
+6
DNurgiza
2017-03-30 13:04:41
кайра элдешип алышсын да)))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан