Орусиянын спорт калыстар агенттигинин башчысы Дастан Шаршеевдин мелдеши боюнча өз оюн айтты

Орусиянын спорт калыстар агенттигинин башчысы Игорь Демидов кыргыз мушкери Дастан Шаршеев менен орусиялык мушкер Антон Калининдин мелдешинде болгон жагдайга байланыштуу оюн айтты. Эскерте кетсек, 22-апрелде Татарстанда өткөн TNA (Total Nonstop Action Wrestling) мелдешинде калыстар жеңишти орус мушкерине беришкен. Дастан Шаршеевдин ою боюнча, жеңиш адилетсиз ыйгарылган. Андыктан ал рингден көпкө кетпей, өз оюн микрофон менен айтканга жетишкен. Ал эми калыс аны Орусиядан депортация кылып, мелдештен биротоло четтетүү менен коркуткан.

Игорь Демидов TNA лигасынын жетекчилерине кайрылып, ар кайсы өлкөнүн калыстарынан комиссия түзүүнү, адилеттүү чечим чыгарууну, спортчулардын мелдешин тейлеген калыстар тобун талдап чыгууну сунуштады. Мындан сырткары ал Дастан Шаршеевди маселени юридикалык жак менен чечүүгө чакырды. Анын айтымында, алгач калыс кыргыз мушкеринин кадырына тийчү сөздөрдү айткан.

"Бул мелдешке байланыштуу социалдык тармактарда катуу талкуу жаралып, мелдешти тейлеген калыстардын чечими адилетсиз болгонун жазышууда. Тил албаганы үчүн депортация болору тууралуу айтканына байланыштуу TNA лигасы калыстар тобун талдап, ким иштээрин аныкташы керек. Калыс спортчуну коркутканы боюнча атайын комиссия түзүлүп, ага чара колдонулушу керек. Ошондой эле кыргыз мушкери эмоционалдуулукка алдырбай, маселени юридикалык жактан чечиши керек", - деген өз сөзүндө Игорь Демидов.

Игорь Демидов Дастан Шаршеевдин мелдеши тууралуу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2017-04-26 09:20:13
Акыйкат,туура чечим чыгарат деген ишенимдебиз!Мынтип катуу талкууга алынбаганда унутулуп кетмек,карабай коюшмак!Жениш бир добуштан Дастандыкы!
+10
aerforce
2017-04-26 10:33:43
Орустар эч качан жакшылык кылбай калдынарго бир нерсе болсо эле депортация деп коркутат
+4
Kroxa
2017-04-26 18:19:45
Туура Дастан сотко бериши керек,кадырына шек келтирген создор айтылганын Демидов айтып жатпайбы..бул да калыс соз...
0
jibew
2017-04-26 20:50:50
Игорь тузуксун!
0
ayjan_90
2017-04-27 01:58:53
Жакшы юрист таап за оскорбление личности перед всех деп заявление жазгандан кийин юрист тыкчу жерине тыгат тиги калысты
0
tular
2017-04-27 23:01:14
Орус менен дос болсон, айбалтанды ала жур! деп айтылчу элего...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан