Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев кечээ, 22-апрелде TNA (Total Nonstop Action Wrestling) эрежелери боюнча өткөн беттеште орусиялык мушкер Антон Калининге утулуп калды. Калыстардын мындай чечимине макул болбогон спортчу рингден көпкө чейин кетпей турду. Аны күзөтчүлөр, калыс өзү баш болуп рингден түшүрө алышкан жок. Ал тургай аны Орусиядан депортация кылып, мелдештен биротоло четтетип салабыз деп коркутканга чейин барышты. Ага да көнбөгөн Дастан Шаршеев алпаруучунун колунан микрофонду алып, эмоциясын билдиргенге жетишти:
"Кутман кечиңер менен, Татарстан! Мен Татарстанда экинчи ирет болуп жатам. Бул жакта мени жылуу кабыл алышат, эли меймандос. Баарыңар көрдүңөр, мен жеңдим. TNA - бул дүйнөдөгү негизги калыс жана башка калыстары адилеттүү турнир. А бүгүнчү, адилеттүү болдубу? (ред. Бул учурда залдагы көрүүчүлөр Шаршеевдин сөзүн ырастып, макул болушту, кыйкырып, ызы-чуу түшүп жатышты.) Өзүңөргө суроо бергилечи, калыстык кайда? Же менин теримдин өңү маанилүү болуп жатабы? Баарыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат! Алга Кыргызстан!
Мындай сөздөрдөн кийин спортчу рингди таштап кетип калды.