Кыргыз спортчусу Дастан Шаршеевди TNA лигасынын жетекчилери Антон Калинин менен кайрадан рингге чыгууну сунушташты. Бул тууралуу мушкер өзүнүн "Кактус" телеберүүсүнө берген интервьюсунда билдирди.
Телеберүүнүн жүрүшүндө алып баруучулар гана эмес, көрүүчүлөр да Дастан Шаршеевди колдоп жатышты. Алгач эле калыстын коркутканы тууралуу сөз болуп, алып баруучулар спортто улут мааниге ээ болбошу керектигин айтышса, Шаршеев Орусиянын аймагында 5 жылдан бери мыйзамдуу түрдө жашап жатканын айтты:
"Мен Орусияда 5 жылдан бери жашайм. Бул жерде спортчуларды машыктырам. Менин бардык документтерим бар. Аны текшеришсе да, баары мыйзамдуу экени аныкталат".
Спортчу бул турнирге кокустан гана катышып калганын билдирди.
"Машыктыруучум мага чалганда Ысык-Көлдө болчумун. Ал мага башка мушкердин ордуна чыгууну сунуштады. Менин принцибим боюнча, турнирден баш тарткан жокмун. Даярдыкка болгону 8 күнүм бар болчу. Бул мен үчүн эң чоң кемчилик", - деди мушкер.
Дастан Шаршеев реванштан баш тартпай, кайрадан рингге чыгууга даяр экенин айтты:
"Машыктыруучума бул уюмдун жетекчилиги реванш өткөрүүнү сунуштаптыр. Мен ага кайсы убак болбосун даярмын. Бул ирет мен мыкты экенимди далилдөө үчүн, күч топтоо үчүн жетиштүү убакыт бар. Мунусунда шек жаратпагыдай уруш көрсөтөм жана ага согушка болгондой даярданам".
Мындан сырткары мушкер жеңиш ыйгарылган Антон Калининдин бул жерде эч кандай күнөөсү жок экенин, ага мелдештен кийин жазганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Татарстанда өткөн турнирде орусиялык Антон Калинин менен кез келген. Ал атаандашын 3-раундда нокдаунга учуратса да, калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышкан. Мындан улам Кыргыз спортчу рингден түшпөй койгон. Ага барган калыс депортация менен коркуткан, ага карабастан Дастан Шаршеев микрофонго өз нааразычылыгын айткан.