Мушкер Дастан Шаршеевдин реванштык беттеши 2 айдан кийин болот

Кыргыз мушкери Дастан Шаршеевдин реванштык беттеши 2 айдан кийин болот. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык баракчасындагы видео кайрылуусунда айтты.

"Биз TNA лигасынын жетекчилери менен бул маселени "эркекче" чечүүнү туура көрдүк. Менин атаандашым Антон Калинин менен реванштык беттешим 2 айдан кийин өтөт. Ага чейин даярданууга убакытым болот", - деди ал кайрылуусунда.

Ошондой эле Дастан Шаршеев улутчулдук тууралуу маселени көтөрбөөнү суранып, орус менен кыргыз эли достошуп келгенин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Татарстанда өткөн турнирде орусиялык Антон Калинин менен кез келген. Ал атаандашын 3-раундда нокдаунга учуратса да, калыстар жеңишти орусиялык мушкерге ыйгарышкан. Мындан улам Кыргыз спортчу рингден түшпөй койгон. Ага барган калыс депортация менен коркуткан, ага карабастан Дастан Шаршеев микрофонго өз нааразычылыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oscar89
2017-04-29 10:03:46
Дастанды мурда чыны айтсам тааныбайт деле болчум. Кечеги журум-турумунан, патриоттук духунан, жана чыныгы кыргыз уулунун мунозун корсоткондугу учун колдой баштадым. Азаматсын ! Реваншта 2 раундта эле накаут менен утчу ! катуу даярдан, ийгилик!!!
+6
jake91
2017-04-29 11:16:48
Эркек екенсинго ийгилик калайбыз
+4
Ibragim10
2017-04-29 14:11:09
Дастан эми судьяны кошуп утушун керек.(накаут менен атаандашыны)
+2
Ronaldo.99
2017-04-29 19:59:55
Эркек экенсин братан.
Корсотуп кой Орустарга эркекче мушташ кандай болушуну.
+1
tular
2017-05-01 01:01:23
Ийгилик сага Дастан!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан