Окумуштуулар Марстагы топурактан суусуз кыш жасоо ыкмасын ойлоп табышты

Марс планетасына бет алчу экспедициянын уча турган күнү жакындап жатканы айтылып келет. Бирок ал жакка баргандар эмнеден там салышары буга чейин NASA агенттигин ойлондуруп келген. Себеби бетон же кыш жасоо үчүн суу керек, ал эми суу бул планетада жокко эсе.

Scientific Reports журналы берген маалымат боюнча, агенттиктин кызматкерлери курулуш материалдарын 3D-принтер менен чыгарууну көздөшкөн. Бирок бул технологияга да суу керек экени маалым.

"Бактыга жараша, изилдөөлөргө таянсак, Марстын топурагынын түзүмүндө темирдин бөлүкчөлөрү бар. Алардын жардамы менен кыш даярдоого суунун кереги жок болот. Кыш жасоо үчүн болгону топуракты престөө керек", - деп жазылган журналда.

Окумуштуу Брайан Чоу жана анын Калифорниядагы кесиптештери жаңы технологияны иштеп чыгуу үчүн түзүмү Марстыкына окшош топурак жасашкан. Эксперименттин жүрүшүндө, топурак жогорку температурада жана басымдуулукта бекемдиги боюнча темир-бетондой жана бышкан силикат кышындай эле материалга айланган.

Изилдөөлөрдөн улам адистер дал темирдин бөлүкчөлөрү мындай бекемдикке алып келерин аныкташкан. Эксперттердин пикиринде, эми аларга кышты жасоого пресстөөчү гана 3D-принтер керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kroxa
2017-04-29 19:25:56
МАРСКА кочолу кочку журбосо эле болду..
-5
aerforce
2017-04-29 20:24:12
Кеттик туугандар кирпичке иштегенге
-3
AKCAHAT
2017-04-29 20:35:12
Биз жолдорубузду эптеп кура албай жатсак булар Марска стройканы баштаганы турат
+9
dinar.meilibaeva
2017-04-29 21:38:04
Иии эми ашабыз биринчи болуп жоносо керек кыргызстандан...
-5
Lion.
2017-04-29 23:36:21
Атан гору десе
Не деген шумдук
-2
Batma08
2017-04-30 00:02:09
Неге мындай кылып жатышат жашашат бекен барып
0
aravan.kg
2017-04-30 01:40:35
Кудай жашасын деп жерди Берген шугур кылып жашай береличи
+1
myrza_aryk
2017-04-30 03:57:37
шо да шугур кылып жашай берсек кудай берген жерге
0
portugalia
2017-04-30 09:49:08
Или,техника жетишкен кез да.
0
tynara81
2017-04-30 13:54:18
Суу жок жерде жашоо жок да. Там салган менен жашабаса кандаай ...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан