4-майга караган түнү футбол боюнча ири мелдеш - Чемпиондор Лигасынын жарым финалында кезектеги оюн орун алат. Анда Франциянын быйылкы жылдагы алдынкы командасы "Монако" Италиянын чемпиону "Ювентусту" кабыл алат.
"Монако" быйылкы сезондо чабуулда мыктылыгын далилдеп келсе, "Ювентус" коргонууда ишенимдүү ойногону менен айырмаланууда.
Франциялык команда мелдештин жарым чейрек финалында англиялык "Манчестер Ситини", чейрек финалда дортмунддук "Боруссияны" уткан. Ал эми италиялык команда жарым чейрек финалда "Портуну" (Португалия), чейрек финалда "Барселонаны" (Испания) мелдештен четтеткен.
"Монако" (Франция) - "Ювентус" (Италия)
Башталышы: 00:45 (Бишкек сааты боюнча)
Стадион: Монако. "Луи II" стадиону
Калыс: Антонио Матео Лаос (Испания)
Белгилей кетсек, жарым финалдагы экинчи жуптук мадриддик клубдар. 3-майга караган түнү "Реал" өз стадионунда "Атлетикону" 3:0 эсебинде утуп алды. 3 голду тең Криштиану Роналду жаратты.