"Реал" - "Атлетико" - 3:0
Голдор: Роналду (10, 73, 86-мүнөттөрдө)
3-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюнунун алгачкысы өттү. Анда мадриддик тиреш - "Реал" менен "Атлетико" кез келди. "Сантьяго Бернабеу" стадионунда өткөн беттеште талаада бир гана команда мыкты оюн көргөзө алды. Бул күнү "Атлетиконун" эмес, бир футболчу - Криштиану Роналдунун күнү болду. Анын эсебинде 3 гол жазылды. Ал оюндун 10-мүнөтүндө баш менен таамай сокку узатса, 2-таймда эки жолу айырмаланды. Португалиялык футболчунун хет-триги менен "Реал" финалга ири арыш таштады. Эми жооптук беттеште "Атлетико" ири эсепте жеңүү гана эмес, намыс үчүн да ойношу керек.