4-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Франциянын быйылкы жылдагы алдынкы командасы "Монако" Италиянын чемпиону "Ювентусту" кабыл алды. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө франциялык команда бир катар чабуулдарды уюштурушту. Бирок андан эч кандай жыйынтык болгон жок. Акырындык менен италиялык команда чабуулга өтүп, оюндун 29-мүнөтүндө Дани Алвестин чыгарып берүүсүн Гонсало Игуаин ийгиликтүү ишке ашырды. Ал эми оюндун экинчи бөлүгүндө Гонсало Игуаин франциялык "Монаконун" дарбазасына экинчи голун киргизди. Оюн Италиянын чемпиону "Ювентустун" пайдасына аяктады. Жооптук оюн 9-май күнү Туринде өтөт.
Айта кетсек, "Монако" быйылкы сезондо чабуулда мыктылыгын далилдеп келсе, "Ювентус" коргонууда ишенимдүү ойногону менен айырмаланууда.
Франциялык команда мелдештин жарым чейрек финалында англиялык "Манчестер Ситини", чейрек финалда дортмунддук "Боруссияны" уткан. Ал эми италиялык команда жарым чейрек финалда "Портуну" (Португалия), чейрек финалда "Барселонаны" (Испания) мелдештен четтеткен.
Буга чейин, 3-майга караган түнү "Реал" өз стадионунда "Атлетикону" 3:0 эсебинде утуп алган. 3 голду тең Криштиану Роналду жараткан болчу.