СУПЕР ТВ: Дастан Шаршеев: "Айткан сөздөрүмө татыктуу экенимди тастыктайм"

22-апрелде Орусиянын Казань шаарында өткөн TNA (Total Nonstop Action Wrestling) мелдешинде кыргыз мушкери Дастан Шаршеев орусиялык мушкер Антон Калинин менен рингге чыккан. Беттеш дээрлик Кыргыз спортчусунун үстөмдүгүндө өткөнү менен, калыстар жеңишти орус спортчусуна ыйгарышкан. Калыстардын мындай чечимине макул болбогон Дастан Шаршеев рингден көпкө чейин кетпей койгон. Бул окуя жана спортчу тууралуу порталыбыздын "Супер ТВ" бөлүмүндөгү "Дастан Шаршеев: "Айткан сөздөрүмө татыктуу экенимди тастыктайм" аталышындагы сюжетте баяндалат. Сюжетте мушкер спортко кантип келгени тууралуу айтып берет:

"Спортко кызыгуум кичине кезимде пайда болгон. Мен телевизордон улуу мушкер Мухаммед Алинин мушташтарын көрүп, бокско кызыгып баштагам. Ошондо Алиге окшош болоюн деп тиленчүмүн. “Жаштын тилегин берет” деген чын экен, азыр сезип жатам.

Алгач, 19 жашымда Токмокто Сатыбек Исакеевдин алдында машыктым. Исакеев бизди машыктырып Курск шаарына Евразия чемпиондугуна жиберген. Машыктыруучу өз чөнтөгүнөн акча берип, бизди поездге жашырып, Москва шаарына салып жиберген. Москвадан бизди машыктыруучу Каныбек Бекбоев тосуп алып Курск шаарына алып барган. Ал чемпиондукта биз 2-орунду жеңип, Кыргызга билети жок, кайрадан жашынып келгенбиз".

Ошондой эле келечектеги максаты, жашоосунун маңызы тууралуу кошумчалайт:

"Келечектеги пландарымдын бири спорт комплекс ачуу. Жаш балдарды машыктырып, эл аралык деңгээлдеги спортчуларды жараткым келет. Аларды чемпион кылбасам дагы, туура жолго салып, чыныгы кыргыз жигиттерин чоңойтконго аракет кылам.

Мен үчүн бул жашоодо ата-энем эң маанилүү. Аларга ыраазычылыгымды билдиргим келет жана алардын мени менен сыймыктанганы мени кубантат.

Өз атымды кылымдарга калтыргым келет. “Дастан Али деген кыргыздын жигити болгон, Кыргыз үчүн күйгөн” деп неберемдин небереси билгендей болуп. Кыргызга көптөн бери келген эмесмин. Өлкөм оңолду, өнүктү деген үмүт менен келгем, бирок келгенде жердеги таштанды, жолдордун абалы жана башка жагдайлар өкүнүч жаратты. Баарыбыз билебиз жол оңдогонго каражат бөлүнөт экенин, бирок өзүбүздүн байке-агаларыбыз, ал акчаны коротуп койгону өкүнүчтүү. Кыргызга пайда алып келгим келет".

Кененирээк сюжетти бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kairatibraev94
2017-05-05 20:50:19
Азаматсын алга кыргызды таанытып журо бер
+5
Kosmos2013
2017-05-06 11:48:41
Алга кыргыз, алга!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан