Кыргыз дзюдочусу Юрий Краковецкий Ислам тилектештик оюндарында алтын медалга ээ болду

Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз өлкөсүнөн барган дзюдочу Юрий Краковецкий кечээ, 14-майда атаандашын утуп, өлкөбүзгө аталган оюндарда алгачкы алтын медаль алып келди. Бул тууралуу Жаштар иштери жана дене тарбия спорт агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Юрий Краковецкий 100 килограммдан жогорку салмактагы категорияда чейрек финалда марокколук дзюдочуну, жарым финалда казакстандык Эламан Ергалиевди, ал эми финалда алжирдик Надииб Теммарды утту.

Дагы бир Кыргыз дзюдочусу Владимир Золоев 81 килограммга чейинки салмакта коло байгени жеңип кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин ушул оюндарда 2 дзюдочу байгелүү орундарга ээ болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
ekaterinburg
2017-05-15 08:38:51
Фай азаматтар!Алга Кыргызстан!Молодцы ребята!
0
omu
2017-05-15 08:56:04
Молодец!!!
Ушу бала омур бою бир да медалга жетишпей отуп кетеби деп коркооор элем...
0
Gena1
2017-05-15 09:24:45
Алтын медаль! Сыймыктанабыз, Кыргыз Республикасынын жараны Эл аралык мелдеште биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынып аткан сон.
+1
Kosmos2013
2017-05-15 09:51:47
Азамат
+1
sirgak_92
2017-05-15 10:21:35
Олипиада утулганда ушул эле комменттерди окусам иий ХХХ деп олуп аткан эми сыймыгыбыз деп калыпсынар го.А так Юрий молодец
+1
grace
2017-05-15 11:33:58
АЗАМАТТАР! Жеңиштер кут болсун! Алтын, күмүш жана коло медалдар биздин куржунга толо берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан