Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына алгачкы медалдарды дзюдочулар алып келишти.
60 килограмм салмакта татамиге чыккан мекендешибиз Отар Бестаев сириялык жана марокколук атаандаштарын жеңген.
Жарым финалда үй ээсинин дзюдочусуна утулуп, 3-орун үчүн беттеш жүргүздү.
Анда казак спортчусу Бауржан Жантаевди жеңип, коло медаль утту.
73 килограмм салмакта Бектур Рысмамбетов чейрек финалда утулганы менен 3-орун үчүн күрөшкө чыга алган.
Анда өзбек дзюдочусу Гийосжон Бобоновду жеңип, коло байгенин ээси аталды.
Ал эми кыз-келиндер арасында Ксения Бельдягина менен Мээрим Момунова өз салмак категорияларында 3-орун үчүн күрөшүп, жеңилип калышты.