Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына коло медалды дзюдочу Владимир Золоев алып келди.
Владимир Золоев 81 килограмм салмакта коло медаль үчүн болгон беттеште татамиге сириялык Мохаммад Касем менен кез келип жеңишке жетти. Эске салсак, буга чейин Кыргыз дзюдочулары өлкөбүздүн капчыгына 1 алтын жана 2 коло медаль алып келген. Алтын медалды Юрий Краковецкий жеңип алган. Эки коло медалды Отар Бестаев жана Бектур Рысмамбетов алып келген.