Кечээ, 22-майда жергиликтүү саат боюнча 22:35те Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер-Арена" стадионунда жарылуу болуп, 19 адам көз жумган. Андан сырткары 60ка жакын адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, жардыруу Ариана Гранде аттуу америкалык ырчынын концерти соңуна чыгып бараткан учурда болгон.
"Манчестер-Аренадагы" жарылуу террордук акт катары каралууда. Аны жан кечти-террорчу уюштурган болушу мүмкүн. Концерт учурунда жаш балдар көп болгон. Күбөлөр бир нече жарылуу укканын айтышууда", - деп жазышат басылмалар.