Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер-Арена" стадионунда жарылуу болуп, 19 адам каза болду жана 50гө жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аталган стадиондо Ариана Гранде аттуу америкалык ырчынын концерти өтүп жаткан. "Манчестер-Аренадагы" жарылуу террордук акт катары каралууда. Концерт учурунда жаш балдар көп болгон. Күбөлөр бир нече жарылуу укканын айтышууда. Окуя болгон жерде полиция жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат", - деп жазышат басылмалар.