Өткөн жылы аяктаган Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда жаракалар пайда болду

Өткөн жылы толук капиталдык оңдоодон өткөн "Манас" аэропортунун жолуна төшөлгөн асфальттан 40тан ашык жаракалар пайда болгонун SUPER.KG порталына Бишкек-"Манас" аэропорту жолун тейлөө ишканасынын башчысы Шаршен Исмаилов кабарлады.

"Биз өткөн жылдын август айында курулуп бүткөн жолдун кемчиликтери тууралуу акт түзүп жолду салган "Технотоп" компаниясына жөнөткөнбүз. Ал эми быйыл апрель айында Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаменти менен биргеликте жолдун чыгыш тарабынан эле 40тан ашык жаракалар пайда болгондугу тууралуу акт түздүк. Азырынча "Технотоп" тараптан жаракалар кантип оңдолору боюнча жооп жок", - деди Исмаилов.

Бишкек - "Манас"аэропорту жолундагы асфальтта жаракалар пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Adi.Avazbekov
2017-05-26 11:05:51
Kudaiga shugur ele degilechi asfalt emes shagal tawtalbagan joldor bar osholordu ondosun birinchi
-6
Muslim_KGstana.
2017-05-26 11:28:07
Айланайин кыргыздар качан уйронобуз жол салганды???
Башка мамлекетке берип койсо дагы жакпаса тендерди
Дагы не кылыш керек ???
0
Gena1
2017-05-26 11:30:53
Канткен учурда дагы акча сарптап, ондолгон жол коп убакытка чейин кызмат кылуусу шарт. Керек болсо жол ондогон компания менен соттошуп, кайрадан акысыз ондоп берууго милдеттендириш керек (эгер, мамлекет менен ошол компаниянын келишиминде жол коп жылга чейин кызмат кылат деп гарантия берилген жазуусу бар болсо).
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 11:58:39
Жок дегенде 15 жыл чыдаш керекго жол деген
+2
pixduel1
2017-05-26 12:23:59
Жолго деп акча болунсо аны бир экоо болуп алышкан дагы , эптеп жол ондолду кылып коюшкан да! Нормативдер эч качан сакталбайт бизде!
+1
kenjebek_a
2017-05-26 12:32:00
Чуй Кочосу дагы Лермонтовадан ары кайра жасалып жатат.2 кун мурун ушул кесилиште 2 машина кагышты.Эми бир баскан жерди алты басып журо бериш керекпи.Кайра бекер курса кураттыр бирок убакыт элге тоскоолдук автоаварияларга ким жооп берет.Минтранс тендердин акчасын чечпей карасын да.
0
rysik79
2017-05-26 13:21:05
Асфальт катмары жука тошолот да уномдоп анан кайра башталаат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан