Баткендеги Лейлек районуна караштуу Исфана шаарындагы көчөлөрдүн бирине таза суу берилбей, тургундарга ыңгайсыздык жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
"Колхозная көчөсүнө 3 күн дегенде 15 мүнөткө таза суу берилди. Алганга жетишкендер алышты. Жетишпей калгандар күндүн ысыгында суу издеп жүрүшөт. Буга чейин күнүнө бир жолу 1 саатка жетпеген убакыт суу берчү", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.