Өлкөдө кыйноого кабылган адамдардын жактоочулары күч түзүмдөрүнө кайрылуу жасашты

Өлкөдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылган адамдардын ишин кароого жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда алардын адвокаттары маалымат жыйынында билдиришти.

Жактоочулардын айтымында, күч түзүмдөрүнүн жогорку жетекчилиги жөнөкөй адамдарга карата акыйкатсыздык мамиле жасап жатышат. "Кыйноого кабылган адамдардын иштери жылдап ордунан жылбай, тергөөчүлөр жана соттор тарабынан бут тосуулар болуп жатат. Бул өзүм билемдик менен болуп жаткан мыйзамсыз иштерге көңүл бурулуп чаралар көрүлүүсү керек. Сот жана тергөөчүлөр тарабынан укук коргоо кызматкерлеринен кыйноого кабылган адамдардын иштери жаап жашырылууда. Мындай мыйзам бузуулардын токтотулушун жана акыйкаттыкты талап кылабыз. Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ушундай иштерге көңүл бурушсун", - дешти жактоочулар.

Мындан тышкары алар 2016-жылы укук коргоо органдары тарабынан кыйноого кабылган 435 адамдын иши боюнча болгону 33 кылмыш иши козголгонун баса белгилешти. Ал эми анын ичинен 11и сотко жөнөтүлгөнүн айтышты адвокаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан