Мындан 158 жыл мурун, 1859-жылы 31-майда Лондон шаарындагы Биг-Бен сааты иштей баштаган. Ал Улуу Британиянын Лондон шаарында Ыйык Стефан Вестминстер сарайында жайгашкан. Саат жебесинин узундугу 2 метр 70 сантиметр, ал эми мүнөт жебеси 4 метр 30 сантиметр. Ар бир сан 61 сантиметрди түзөт. Мунун Биг-Бен деп аталып калышы боюнча эки негиз бар. Биринчиси, сааттын коңгуроосун куруудагы жетекчи - Бенжамин Холлдун урматына аталган. Экинчиси ошол мезгилге тиешелүү эң оор 13,7 тонналык коңгуроо Бенжамин Каунт деп аталган. Бул ысым ошол учурдун эң белгилүү жана оор салмактуу мушкерине тиешелүү болгон.
31-майга карата жылнаама.