Бүгүн, 31-майда парламент жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов биометрикалык паспорттор шайлоо үчүн гана киргизилгенин, паспортто адамдын жашаган жерин тастыктоочу жазуулар жок экенин айтып чыккан. Бул боюнча мамлекеттик каттоо кызматы "биометрикалык паспорттор шайлоо үчүн гана керек деген пикир жаңылыштык" деп жооп кайтарды.
Аталган мекеменин маалыматы боюнча 2017-жылы 2-майдан бери биометрикалык паспорт алгандардын саны 10 миңден ашкан жана паспорт алуу үчүн 50 миңдей жаран документтерин тапшырган.
"Паспорттогу улуту деген графа чипке жазылган. Өзүнүн улутун көрсөткүсү келген жарандар анкета толтуруп жатканда жаза алышат. Ал электрондук чипте көрсөтүлөт. Башкача айтканда, улуту деген графа толугу менен жок болбой, электрондук форматка өттү. Биометрикалык паспорттор шайлоо үчүн гана керек деген жаңылыш пикир айтылып жатат. Жарандардын өздүк маалыматын электрондук форматта сактоо ыңгайлуу. Үй-бүлөлүк абалын өзгөртүп же жашаган жери өзгөргөндө паспорт алмаштыруунун кажети жок. Биометрикалык паспортту алууда көп документтер талап кылынбайт. Керектүү документтердин электрондук варианты Мамкаттоо кызматынын базасында болсо башка эч кандай документ талап кылынбайт. Паспорт алуунун убактысы кыскарган. Паспорттун коргоочу элементтери көп жана аны айдоочулук күбөлүк, банк картасы, пенсиондук карта катары пайдаланууга болот", - деп билдирет мамлекеттик каттоо кызматы.