Экс-депутат, туңгуч президент Аскар Акаевдин улуу кызы Бермет Акаева 45 жашка чыкты. Ал 1972-жылы 3-июнда Ленинград шаарында туулган. 1989-жылы №61-физика-математика мектебин алтын медаль менен аяктаган. Ошол эле жылы Москвадагы мамлекеттик университеттин эсептөө математикасын жана кибернетика факультетине өткөн.
1992-жылы Швейцариянын Лозанна шаарындагы ишкер башкаруу магистри адистиги боюнча бизнес мектебине өткөн. 1994-жылы магистратураны аяктаган соң Бириккен Улуттар Уюмуна ишке орношкон. 2000-жылдан тартып Швейцариянын "Intracom General Machinery S.A" компаниясында Кыргыз мамлекетинде иштеген. Ал эми 2003-жылдан тартып "Ага-хан" фондунда эмгектенген.
3-июнга карата жылнаама.