Орусияда ишкананын директору пикир келишпестиктен улам кыргыз мигрантына ок чыгарды. Бул тууралуу Орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-июнда Челябинск облусуна караштуу Магнитогорск шаарында “КАУР” ишканасынын директору менен 30 жаштагы Кыргыз жаранынын ортосунда пикир келишпестик пайда болгон. Натыйжада мергенчилик мылтыктан мигрантка эки ок атылып, бири балтырына, экинчиси таманына тийген.
Ошондой эле директордун үйүнөн мергенчилик 3 мылтык жана ок дары табылган. Учурда иштин чоо-жайы текшерилип, кылмыш иши козголобу, жокпу каралып жатканы айтылат маалыматта.