ЖЫЛНААМА, 6-ИЮНЬ: Пушкиндин туулган күнүндө орус тилинин күнү белгиленет

Бүгүн, 6-июнь - Орус тилинин күнү. 2011-жылдан тартып Орусиянын үчүнчү президенти Дмитрий Медведевдин жарлыгы менен жыл сайын бул дата орус тилинин күнү катары белгиленип келет. Орус тили БУУнун расмий тилинин бири катары саналат. Жарандардын көп тил билүүсүн колдоо максатында 2010-жылы БУУдагы башка расмий 6 тилдин катарында орус тилинин майрамын белгилөө сунушталган. Дал ушул 6-июнь күнүн тандап алууга себеп - белгилүү акын, жазуучу, драматург Александр Пушкиндин туулган күнү ылайыктуу деп табылган.

Постсоветтик өлкөлөрдө орус тили улут аралык пикир алышууда негизги ролду аткарат жана айрым мамлекеттерде расмий тил катары кабыл алынган. Мисалы: Беларусь Республикасында беларус тили менен биргеликте орус тили да мамлекеттик тил катары саналат. Казакстанда расмий тил катары казак жана орус тилдери кабыл алынган. Түштүк Осетияда эне тили менен чогуу орус тили мамлекеттик тил катары кызмат кылат.

Кыргыз мамлекетинин Баш мыйзамында орус тилине расмий тил макамы 2001-жылы берилген.

6-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан