Тегирменчилер салык кайра киргизилсе 5 миңдей адам жумушсуз каларын айтышты

Бүгүн, 7-июнда Кыргыз ун өндүрүүчүлөрү аларды кайра салык төлөөгө милдеттендире турган мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип маалымат жыйын өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө Кыргыз ишкерлер союзунун вице-президенти Замир Шакиров айрым ишкерлер атаандаштыкка туруштук бере албай жатканын айтты.

"Буудайды кайра иштеп чыгууда көйгөйлөр жаралууда. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, 30дай ишкананын тең жарымы жок болуп кетет. Ансыз деле араң иштеп жатышат. Бул ишканаларда 5 миңдей жумушчу эмгектенет. Алар да жумушсуз калат. Андан сырткары миллиондогон акчага жабдууларды насыяга сатып алышкан. Алар кредитти кантип төлөшөт? Өлкөдө экономикалык кырдаал оор. Мыйзам долбоору кабыл алынса, буудайдын баасы 2 сом 50 тыйынга кымбаттайт. Бажы биримдигине киргенибиз менен сырттан ташылып келип жаткан ундун 70 пайызы аткезчилик жол менен алынып келүүдө. Өкмөт эмне деген саясат жүргүзүп жатат?” - деди Шакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
CEO
2017-06-07 13:34:14
Мына башталды шылтоо!!! Жуз миндеп мугалим-врачтар салык толойт да, 30 ишкана салык толобош керекпи?!

Эгер конкуренцияга туруштук бере албаса элде эмне куноо?! Бир жарым миллион мекендешибиз тышта эмгектенип журот, аларды эстеп кабар алган эч ким жок, эми 5000 адамды эстеп калдынарбы? Алардын эмес оз чонтогунордун камын ойлогонунарды жаап-жашырып эмне кыласынар билбей кала тургансып!!!

Анда салыкты биротоло жоюп салалы, бири толоп, башкасы толобочу болсо!
+4
kenjebek_a
2017-06-07 13:43:52
Чыныбай Турсунбеков жыгылып калбайт.СДПКнын бир бизнесменине куч келсе эле элди ойлойт.Канкуренция болбосо сапат болбойт.Айлык которулбойт.Ун бизнестегилердин крупныйлары жогорку кенеште.Кызматта олтуруп алып кол алдында иштегенди суйлотуп оздору олмуш болушат.
+4
basyz-kaman
2017-06-07 14:33:39
Бир нерсени түшүнүп жазсаңар туугандар!Кыргыз ун өндүрүүчүлөрүнө кайрадан салык төлөө милдеттендирилсе бир мешок ундун баасы 2 миң же андан дагы ашып кетиши мүмкүн. Кыргызстанда ундун баасын арзан кармап туруш үчүн ун өндүрүүчүлөрдөн салыкты албай келишкен болчу.
-1
CEO
2017-06-07 15:37:04
basyz-kaman, Акун же Мариямдын уну болбосо казактардыкы бар! Ансыз да алар чыгарган ундар казактардын алдынкы ундарына конкуренция боло албайт!!!

Эми Турсунбеков менен Торобаев ж.б.байысын деп салык толотпой коелубу?! Бул шылтоо болгону, салык толосо чонтогуно тушкон тыйын азаят да, ошону каалабай жатышат ар шылтоонун башын айтып...
+3
kenjebek_a
2017-06-07 14:57:51
Анда четтен келген ундар эмнеге арзан.Ал ундардын сапаты жакшы,унду байытчу кошулмалары да бар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан