Кытайда зоопарктын кызматкерлери 3 жолборсту тамактандыруу үчүн тирүү эшекти салып беришти. РИА Новости агенттигинин Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен жазган маалыматына ылайык, жолборстор олжосу менен бир жарым сааттай алышып, акыры көздөгөнүнө жетишкен.
Видеодон зоопарктын кызматкерлери эшекти сууга түртүп түшүргөндөн кийин ага жолборстор келип кол салганын көрүүгө болот. Окуя Чанчжоу шаарындагы зоопарктардын биринде болгондугу жазылат.