Дайынсыз болуп табылган үч өспүрүм. Алар Абшыр-Сайда жашаган таенесине бара жатып адашып кетишкени айтылууда

Чүй облусунун Панфилов районунда 5-июнда жоголуп кеткен 12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбеков, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекова жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова Өзгөн районунан эмес, Кызыл-Кыя шаарынан табылган. Мындай маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев SUPER.KG'ге тастыктады. Анын кабарлашынча, балдар учурда аталган шаардагы балдардын кризистик борборунда кармалууда.

"Алгач Өзгөн районунан көргөндөр болгондуктан ошол жерден табылды деп туура эмес маалымат берилип кеткен. Бирок балдар Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Балдардын биринин таенеси Ноокат районундагы Абшыр-Сай деген айылда жашагандыктан экөөнү "таенемдикине барып келебиз" деп ээрчитип келе берген. Бирок адашып калышып Кызыл-Кыяга келишкен. Учурда ата-энелери келе элегинен улам балдар кризистик борбордо кармалышууда. Алар Чүй облусунан бери кантип жана эмне менен келип калгандыктары такталууда", - деди Аширбаев.

Буга чейин Чүй ОИИББинин маалымат кызматы балдар Өзгөн районунан табылганын кабарлаган. Рамазан менен Тахмина бир туугандар болсо, Айгерим алардын кошунасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Pandora
2017-06-07 20:20:55
Жаш балдар кантип барып калыптыр,ушунча алыс жолдон?
+4
Abubakir05
2017-06-07 21:00:02
Аларды салган таксист да сурабайбы кайда барасын жол кирени кандай алды жаш балдар кантип толошту
+7
Kroxa
2017-06-08 00:53:01
Abubakir05,Озгонбу Кызыл-кыябы айырмасы канча??алыс жолго кандай таксист салат акча толосо куп деп салып кетти да ошону таап жоопко тартса болмок..
+4
Mumu1986
2017-06-07 21:43:16
Тоаа, кино пинодон коруп алышып, анан буларда жоношконго автостоп менен.
+4
RusMos76
2017-06-07 23:09:04
тан калыштуу, мен 11 буткондо атам ээрчитип келген эле жогорку окуу жайга, азыркы замандын балдары да таксисттери да шумдуктуу. эмнеси болсо да аман табылганына суйунолу.
+9
Kroxa
2017-06-08 00:49:25
Жолкирелери бар болгон булардын а,таксист соройлого акча болсо эле болду болбосо Бишкектен милицияга салып бериши керек болчу тактап туруп алып кетиши керек чон киши табыштап саоса мейои озулору келип отуруп атышса кандай ойлонбойт???транспорт айдоочусун жоопко тартыш керек...
+3
Samina007
2017-06-08 03:06:52
Тооба жашым 40уруп калса да эмдигиче панфилов районун билбейм.панфилов району кайдаа,ноокат району кайда
+2
RusMos76
2017-06-08 04:42:59
бул жерде башка нерсе болушу мумкун, эмнеге Озгондо бир туноп анан кыргызстандын туштугун кыдырып кантип барышсын акча кайда буларда, жакшылап детский психотерапевт аркылуу сурак жургузуш керек, ата энесин да кошо.
0
Girl1996
2017-06-08 15:10:43
toobaaa; ushundaı da bolot eken da e
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан