Депутат жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн студент балдарын окуу акысынан бошотууну сунуштады

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов Сузак районунда жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн ЖОЖдо окуп жаткан балдарынын келишимдик негиздеги окуу акысынан бошотуу сунушун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

"Мурунку Жогорку Кеӊештин жыйынында Өзгөн жана Чоӊ-Алай райондорундагы кырсыктар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, ал боюнча өзүбүздүн тапшырмаларыбызды берип, токтом чыгарганбыз. Анын арасында ошол жер көчкү жана жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдү социалдык колдоо максатында мектептердин быйылкы окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруусуз жогорку окуу жайларына кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырылган. Менин дарегиме Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу быйылкы жылы жер көчкүдөн жабыркаган айылдардан кайрылуулар болду. Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой, Сузак районунун кээ бир айылдары 1994-жылдан бери көчкүдөн жабыркап келишет. Жылына адам өмүрүн алган фактылар катталат. Азыркы күнү алар коопсуз жайга көчүү менен алек болуп жатышат. Алардын үй-бүлөсүндө да быйылкы жылы мектепти бүтүрүүчүлөр, жогорку окуу жайларда окуп жаткан студент балдар, кыздары бар. Азыр аларды окутууга шарты болбой жатат. Ошондуктан өкмөт Жогорку Кеӊештин ушул боюнча чыккан токтомуна кошумча кылып, ошол Сузак районундагы жер көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдарын жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруусуз жогорку окуу жайларына кабыл алууну, жогорку окуу жайда окуп жаткан студенттерди бир жылдык контрагынан бошотуу же жеӊилдетүү жолун кароону суранам. Бул да болсо ошол көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө чоӊ жардам, ал эми балдардын келечегине чоӊ үмүт болмок", - деди ал.

Мындан тышкары эл өкүлү Орозо айынын 15-күнүн кайрымдуулук күнү кылып жарыялоону сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан