"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Аксы райондук мамлекеттик администрациясы: "Кызматтан алынган директор митингге чыккандарга рахматын айтып, аларды өзү таратты"

Бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Дөбө айылындагы мектептин директору Калыбек Урустемовду негизсиз иштен алынган деген эл нааразычылык билдирип, райондук администрациянын алдына чогулушкандыгын окурман WhatsApp аркылуу кабарлаган эле.

Окуя боюнча SUPER.KG порталына Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Нуртаза Мамбетов төмөнкүлөрдү билдирди.

Кызматтан алынган директордун 40-50дөй айылдашы жана жакындары бүгүн акимчиликтин алдына чогулушуптур. Нааразы тарап менен аким Масалбек Мырзамамытов жолугуп, сүйлөштү. Ал жерде иштен алынган директор өзү да болуп, чогулгандарга рахматын айтып түшүндүрүүнүн негизинде элдер тарады”, - деди Мамбетов.

Мектептин иштен алынган директору мындан ары орус тили жана адабиятынан сабак берип, мугалимдик ишин уланта турганы белгилүү болду. Ал кызматтык келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнөн улам директорлуктан кеткени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maratbek88.88
2017-06-08 20:08:59
мектептин директору иштен алынсада митинге чыгаберсе.Кичине бир демкекегда митинге чыгаберсек анда ее
-2
Nendi15
2017-06-08 23:28:58
maratbek88.88, сдпк партиясы майлуу жерлерди ээлеп жатса чыгатта же сага окшоп экрандын алдында баатыр болуп ртуруш керекби.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан