Вице-премьер-министр: "Таза Коом" долбоору өлкөдөгү заманбап экономиканы чагылдыруудагы жаңы чакырыктардын негизги маселелерин чечет"

Бишкекте 8-июнда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Олег Панкратовдун катышуусунда "Аймактарды өнүктүрүүдө ЕАЭБ рыногунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү" аталышындагы конференция болду.

Анын жүрүшүндө Олег Панкратов Кыргыз мамлекети ЕАЭБ менен биргеликте электрондук экономикага өтүүгө күч жумшап жатканын баса белгиледи.

"Жогорку технологиядагы «Таза Коом» долбоору өлкөдөгү заманбап экономиканы чагылдыруудагы жаңы чакырыктардын – санариптик экономиканын негизги маселелерин чечет. Санариптик экономика элдин жыргалчылыгы үчүн бизнес жана жөнөкөй жарандардын пайдасы үчүн кызмат кылышы керек", - деди ал.

Вице-премьер-министр ЕАЭБдин алкагында 2017-жылы экономикалык интеграцияны тереңдетүү, соода алмашуудагы тоскоолдуктарды жоюу өлкөнүн негизги милдеттери болуп саналарын айтты.

"Санариптик өнүгүү ЕАЭБдин алкагындагы негизги приоритеттүү багыттардын бири. Санариптик күн тартибин ишке ашыруунун негизги багыттарын даярдоо: өнөр жай, соода жана кызмат көрсөтүү рынокторунда санариптик өзгөрүү, биригүү жараяны жана санариптик объектилерди өнүктүрүү маселелери боюнча багытталууга тийиш. Белгилей кете турган болсок, Кытай, Индия, Түркия, Европа, түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрү, Кыргыз мамлекети ЕАЭБ терезеси катары болуп, аны менен бирге өздөрүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу «санариптик хабка» айланат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kenjebek_a
2017-06-09 17:55:55
Кезектеги шайлоо алдындагы ЖОМОК.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан