Айыл чарба министрлигинде чөлгө айланып бараткан жерлерди сактап калуу маселеси талкууланды

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде 8-июнь күнү чөлгө айланып бараткан жерлерди сактап калуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана Кыргыз Республикасында жердин чөлгө айлануусу менен күрөшүү боюнча БУУнун Конвенциясын ишке ашыруу жөнүндө кызыкдар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу Байланыш стратегиясы долбоорунун координатору катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө чөлгө айланып бараткан жер аянттарын жана суюлуп бараткан токойлорду, жалпы эле жабыркаган жаратылышты сактап калуу боюнча талкуу болду. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жер аянттарды сарамжалдуу жана туура пайдалануу боюнча айыл аймактарды кыдырып маалымат алмашуу сунуштар айтылды.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын кургакчылыктан улам начарлап бара жаткан жер аянттарын азайтуу жолу менен жердин өнүгүшүнө көмөктөшүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baltabaev
2017-06-10 19:16:07
Сактап эмес,сатып калуу озбек казака деп жазышпаптыр
0
Seryi-Kardinal
2017-06-10 19:55:03
Мелиорация деген не өзү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан