Теннис боюнча Чоң шлемдердин бири эл аралык "Уимблдон" турнирине орусиялык теннисчи Мария Шарапова катыша албайт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында алдыдагы сезондо алган жаракатынан улам бир дагы турнирде ойной албайт.
Көк майсаң кортуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн сезон бою ажыраган Шарапова, "тилекке каршы, Римде жүргөндө алган жаракатым мени бир дагы кортко коё бербей турган болду. Чоюлуп калган булчуңум дагы эле калыбына келе элек экенин айтышты", - деп жазат интернет баракчасына.
"Мен LTA'га (Лаун-теннис Ассоциациясы) терең ыраазычылык билдирем. Алар мен спортко кайткандан кийин абдан чоң колдоо көрсөтүштү, Бирмингемдеги беттешке катышууга мүмкүнчүлүк беришти. Алдыдагы эмес, кийинки сезондордо кайрадан кездешүүнү чыдамсыздык менен күтөм. Булчуңумду тезирээк калыбына келтирүүнүн үстүндө талыкпай иштеп, кийинки Стэнфорддо өтө турган турнирге катышып, жеңишке жетишүүнү пландап жатам", - дейт теннисчи. Эске салсак, ал жакында болуп өткөн "Ролан Гарроско" да катышкан эмес.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын июнь айында эл аралык теннис федерациясы Мария Шарапованы мельдоний колдонгону үчүн 2 жылга теннис ойноодон четтеткен. Спорт арбитраждык соту мөөнөттү 15 айга кыскарткан. Ал быйылкы жылдын апрель айында кайрадан кортко кайтып, Алгачкы расмий оюнунда италиялык Роберта Винчи менен кез келип жеңишке жетишкен.