Орусиялык теннисчи, Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин 5 жолку жеңүүчүсү Мария Шарапова 2 жылга спорттон четтетилди. Мындай чечимди Эл аралык теннис федерациясы кабыл алганын чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, спортчу буга чейин мельдоний колдонгонун моюнга алган. Спорттон четтетилген мөөнөтүн кыскартуу суранычы менен теннисчи Спорттук арбитраждык сотко кайрыларын билдирди.
Бул чечим Мария Шарапованын "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына катышуу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт койду. Эми анын ордуна Олимпиадага Екатерина Макарова бармакчы.