Кыргыздын улуттук кийим күнүн белгилөө коомдун талкуусуна коюлду

Кыргыздын улуттук кийиминин күнүн белгилөө коомдун талкуусуна коюлгандыгы тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалды.

“5-мартты жыл сайын белгиленүүчү Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбооруна толуктоо киргизүүнүн демилгечиси КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева.

"Бул токтом долбоору өлкөдөгү жеңил өнөр жайлардын жана туризмдин өнүгүүсүнө таасир тийгизе тургандыгын да белгилөө зарыл. Ата мекендик жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрүнө кыргыздын улуттук кийимдеринин кайталангыс жана саркеч стилин иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. Кыргыздын улуттук кийимдеринин күнүн белгилөө менен чет элдиктерге кийимдерибиздин улуулугун даңазалай алабыз", - деп жазылат маалыматта.

Токтом долбоор 8-июндан баштап коомдук талкууга коюлду. 2016-жылы кабыл алынган токтомго ылайык, 5-март - Ак калпак күнү деп белгиленип келет. Аялдардын баш кийимине жана жалпысынан кыргыздын улуттук кийимине толук көңүл бурулбай келгендиктен ошол күндү Ак калпак жана кыргыздардын улуттук кийими деп белгилөө сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2017-06-12 11:51:09
Иш жузуно ашса абдан жакшы. Москвада журуп кее бир жаш мекендештерибизди коруп калчумун нукура кыргыз кийимин кийип москва центринде жургондорун. Белгилуу болгондой бизде Европа Акш, кытайдан келген кийим жайнап кеткен.
Биздин окмот аракет кылгыла коррупциясы жок баары жакшы болот. ИнШаАллах!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан