Акыйкатчы Кубат Оторбаев: "Өлкөдөгү тигүү цехтердин абалы начар, андагы жумушчулар укуктарын билишпейт"

Өлкөдөгү тигүү цехтердин абалы начар. Мындай пикирин бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында Акыйкатчы Кубат Оторбаев билдирди.

"Тигүү цехтеринде иштеген жарандардын эмгек укуктары жөнүндөгү маалыматтары аз. Алардын айлыгынан социалдык фондго деп акча кармап калып, бирок которулбаганы аныкталган. Ошондой эле кышкысын айрым цехтер кооптуу жылыткычтар менен отурушат. Жыгач полдор жок, бетон боюнча турган жайлар да бар. Айрым цехтерде айнек терезе, эшиктер жок экен", - дейт ал.

Мындан тышкары Оторбаев кара жумушка тартылган балдардын саны көп болуп жатканын айтты. 2014-жылы 142 миң 760 баланын кара жумушка тартылганы белгилүү болгон. Бул 2007-жылга салыштырмалуу кара жумушка тартылган балдардын саны 93 миңге көбөйгөнүн билдирет. Бул боюнча маселени чечүү үчүн министрлик, мекемелер менен чогуу иштөө керек экенин белгиледи.

Жыйында "Аялдардын жана балдардын эмгек укугун сактоо: мониторингдин натыйжасы" тууралуу акыйкатчынын маалыматы угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Best.bakyt
2017-06-12 18:37:40
Тынч иштеп аткан цехтерди жайына койчу Куке брат.Кыйын экенсин КТРды жетектеп турганында ушул койгойду неге тарттырып мамлекеттик денгээде которуп, койгойлорун чечип бергенге белсенген жок элен. Себеби чон кызматкер элен колунда баары бар элдин жашоосу бир тыйын эле. Эми жумуштан кетип жумушсуз калганда акыйкатчы болумуш болуп, элге куйгон киши болумуш болуп озунду бир коргозо калайын деген экенсин да. Ашыкча акылдуу болуп баратасынар ХХХ. Жайына кой тынч иштеп аткан элди.
+3
admin_superstan
2017-06-13 11:07:43
Best.bakyt, этика нормаларын сактаңыз.
0
tynkatar03
2017-06-12 18:42:59
Бла бла бла айттын дедин дальше что??? Укугун билбеген карапайым адамдар эле эмес конституцияны жазган адамдардын укугун тебелеп жатасынар го соттон сотко суйроп)
+5
ice87
2017-06-12 19:01:20
Укугун билген убакта деле каерге барып иштейт?Чындыгында жон эле койчу тигуу цехтерге асылбай.Жылуу-жумшак креслого баарынын алы жетпейт.Мугалим,врач,медсестранын деле айлыгы аз тигуу цехинде иштегендерге караганда.
+7
bond0202
2017-06-12 20:19:28
россияга барып орустардын козун карап иштегенге караганда жакшы,не болсо да оз жеринде,иш таап бере албагандан кийин унчукбай олтура бер
+3
meni_kut
2017-06-12 21:28:32
уйкудан ойгондубу
+1
Surgut777
2017-06-13 20:24:53
Россияда андан жаман жерлерде иштеп журушот но аларды не дейсинер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан