КҮНСЕРЕП: Үчилтиктин тандоосу Мадумаровго токтолобу?

Бүгүн, 14-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибековго туулган жеринде алдына тулпар тартып, бата берген аксакалдардын ниети таш капканы турат. Эмне үчүн? Кечээ Жогорку Сот түшүнөн чочуп ойгонгонсуп, экс-спикердин соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюларын маалымдады. Жогорку Сот Келдибеков сот тарабынан салынган айып пулду 2016-жылдын 8-ноябрында төлөп бүткөнүн билдирип мыйзамга ылайык, анын соттолгон деген статусу айып пул төлөнгөндөн 1 жылдан кийин жоюларын айтты.

Мындан 4 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган Ахматбек Келдибековго “коррупция” жана “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган эле. Ошол учурда эл өкүлү парламентте “Кумтөр” жана “Кыргызгаздын” тегерегиндеги маселелер боюнча бийликти кескин сындап жүргөн кези болчу. Соттук процесс 2 жыл жүрүп отуруп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен деген түшүндүрмө менен токтоткон. Кийин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча райондук сот аны күнөөлүү деп таап, Келдибеков мамлекетке 3 миллион сом айып пул төлөө менен кутула турган өкүмдү уккан. Бир жылдан кийин бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып, айып пулдун көлөмү 10 миллион сом болгон эле. Жогорку Сот шаардык соттун ал өкүмүн күчүндө калтырган.

Бүгүн тиешелүү токтомду кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнүн жаӊы президентин шайлоону 15-октябрга дайындады. Жогорку Сот экс-спикердин жарандык статусу президенттик шайлоого катышууга жол бербеси тууралуу буга чейин унчукпай келген болчу. Келдибеков өзү да жарышка катышарын же катышпасын ачык айтпай келе жатат. Бул учурда бийлик менен Келдибековдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөнүн, Жогорку Соттун экс-спикердин шайлоого катыша албасын айкындаган билдирүүсүнөн улам Келдибеков коюлган шарттарга макул болбогонун жоромолдоого болот. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири Келдибековдун "шайлоого катышууга бийлик уруксат береби же бербейби башкы маселе эмес, эл колдосо президенттикке ат салышам" деп айтканын жазып чыкты. Эгерде Келдибеков бийлик менен тил табышып кетсе, Келдибеков-Мадумаров-Ташиев тандеми ыдырамак. Ташиевде президенттикке аттануу аракети көрүнбөйт. Демек, үчилтик жакында президенттик жарышка Адахан Мадумаровду чыгара турганын жар салышы күтүлөт...

Мамлекеттик "Кыргыз темир жолу" ишканасы Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун акчасына 150 вагон сатып алууда. Бул боюнча тендер өтүп, жеӊүүчү компания менен келишим түзүлүү алдында турат. Тендерге 4 компания катышып, Казакстандын "ЗИКСТО" компаниясы жеӊүүчү деп табылган. 435 миллион сомго жаӊы алынчу 150 вагон Жалал-Абад темир жол станциясына берилет.

Аталган фонд 2015-жылы Кыргыз мамлекети Бажы союзуна кирүү алдында түзүлгөн. Максаты - Кыргыз экономикасында артыкчылык берилген тармактарды: агрардык өнөр жай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылоо эле. Фонддун акчасы вагондорду жаӊылоого бөлүнөрү ал кезде айтылган эмес. Ошол кезде өлкө жетекчилигинин айткандарына таянсак, фонддун акчасы менен Кыргызда өндүрүш гүлдөп, экспорт дүркүрөп өсүшү керек эле. Расмий маалыматтарга таянсак, фонд түзүлгөндөн бери 690дон ашык долбоорго 221 миллион доллар суммасында кредит берди. Демек, акчанын жарымынан көбү али иштетиле элек. Берилген насыялардын 28 пайызы агрардык өндүрүш тармагына жумшалса, Казакстан, Өзбекстан өӊдүү Борбордук Азиядагы бир топ өлкөлөргө караганда алдыда бараткан текстиль тармагына жалпы берилген насыянын 6 пайызы гана туура келет. Кайра иштетүүгө 10 пайыз, энергетика тармагына 3 пайыз туура келери белгилүү болду. Өлкөнүн экономикасын реалдуу көтөрүүчү тармактар боюнча насыя берүүлөр аз экенин статистика көрсөтүүдө. Фонд башкармалыгынын мүчөсү Аймен Касенов Кыргыздын ар бир жаранында фонддон 5 пайыздык насыяны алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин, насыялар жумуш ордун түзүүчү, киреше алып келүүчү тармактарга берилерин билдирди. "Кыргыз темир жолу" фонддон алынган 435 миллион сомго темир жол инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзүлүп жатканын белгилөөдө. Жүк ташуучу вагон сатып алуудан тышкары тийиштүү техникалар жаӊыланат. Бул жүк ташууда чыгымды, убакытты үнөмдөйт деп эсептейт мекеме. Статистикалык маалыматтарга таянсак, "Кыргыз темир жолу" ишканасы жылына 7 миллион тоннадан ашык жүк ташыйт. Өлкөдө темир жол менен жүк ташуунун көлөмү жогорулап жатканын бул Кыргыз Республикасынын Орусия, Казакстан өӊдүү өнөктөштөрүндө экономиканын өсүшүнө байланыштуу экенин буга чейин Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдаган. Ал эми депутаттар өлкөнүн түштүк аймагындагы дыйкандар вагон жоктугунан өндүргөн продукциясын экспорттой албай, айына 80-90 миӊ тонна жүк сыртка чыгарылбай жатканын парламенттен көтөрүшкөнү белгилүү. Расмий маалыматка ылайык, СССР маалында “Кыргыз темир жолунда” 2300 вагон болсо, бүгүнкү күндө 616 гана вагон калган. Калгандары колдонуу мөөнөтү бүтүп, колдонуудан чыгарылган. Бул өӊүттөн караганда 150 вагон дыйкандардын түйшүгүн чын эле жеӊилдетиши мүмкүн.

Кыргыз мамлекети 25 жылда 4 миллиард доллар карыз алып, бүгүн ал карыздардын өзү калып, жыйынтыгы көрүнбөйт. Деген менен 20-25 жылга деп алынган карыздарды төлөөчү мезгил келди. Аталган фонд үчүн бөлүнгөн 500 миллион доллар деле буга чейинки "жыйынтыгы жок, өзү бар" карыздар өӊдүү тагдырга туш болбошу үчүн коомдук көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча башталган курулуш иштерине чын эле 37 миллион доллар сарпталдыбы, ошончо суммадагы жумуш ал жерде аткарылдыбы-жокпу, суроо ачык бойдон калды. Айрым депутаттар фонддун "элиталык бизнеске" айланганын айтып, сындап жатышат. Бул фондго Орусия тарабынан бөлүнгөн акчаны максималдуу түрдө эффективдүү пайдаланып жатабызбы-жокпу, учурунда көзөмөл керек. Болбосо "жоо кеткен соӊ кылычыңды ташка чап" болуп, түштөн кийин бармак тиштеген жаман...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан