Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун акчасы 150 вагон сатып алууга жумшалууда

"Кыргыз темир жолу" ишканасы Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун акчасына 150 вагон сатып алууда. Бул сатып алуулар боюнча тендер өтүп, жыйынтыгы Каржы министрлигинин экспертизасына жиберилгени белгилүү болду. Эксперттик корутунду чыкса, жеӊүүчү компания менен келишим түзүлүп, 150 вагонду Жалал-Абад темир жол станциясына жеткирүү пландалууда.

Тендерге 4 компания катышкан. Алар: Казакстандын "ЗИКСТО", Беларустун "БЕЛАЗ", Орусиянын "СТМ групп" жана Кытайдын "CN Group International DAP" компаниялары. Булардын үчөөсүнүн билдирмелери "талапка жооп бербейт" деген негизде четке кагылып, "ЗИКСТО" компаниясы жеӊүүчү болду.

"Кыргыз темир жолу" аталган фонддон алган насыянын суммасы айтылган жок.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду Кыргыз өлкөсү Бажы союзуна кирүү алдында түзүлүп, анын башкы максаты - мамлекеттин экономикасынын приоритеттүү тармактарын, анын ичинде агроөнөржай, кийим тигүү, текстиль, кайра иштетүү өнөр жайындагы долбоорлорду каржылоо экени жарыяланган. Башкача айтканда, фонддун акчасы Кыргыздын экспорттук потенциалын көтөрүүгө жумшалышы керек эле. Парламенттин депутаты Өмүрбек Бабановдун жакындары Бишкекке куруп жаткан соода борбору үчүн аталган фонддон 17 миллион доллар насыя алганы белгилүү болгон эле. Бул фонддун акчасы айыл чарбаны көтөрүүгө эле эмес, башка максаттарга да жумшалып жатканынын далили. Ал эми өлкөнүн экспорттук абалы жакшырып кеткен жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
RusMos76
2017-06-13 10:31:57
Казакстан вагон чыгарабы же баягы эле кыргызча тендерби?
0
Bek_Kazan
2017-06-13 11:17:43
RusMos76, жок казакстандык фирма тендерди утуп алыптыр
0
Revolyutsiya2
2017-06-13 11:39:11
Коррупционерлер!!! Дагы коз коруно элди тономокчу болуп жатышат! Бул акчалар айдан тушкон акча эмес, убак сааты келип Оруссияга кайтарышыбыз керек. Ал эми булар кааласа ай сайын 15000$ маяна жазып озуно, эч кимге баш ийбей кутуруп жатышат.

Айткылачы, Атамбаевдин "адамы" Кулматов жетектеген Кыргыз-Орус фондунун Максим Бакиев жетектеген ЦАРИИден айырмасы кайсы?! Ал учурда да эч ким батынып отчет сурап сындай алчу эмес, качан бийлик алмашканда гана былыктарын санап баштадык.
+2
Revolyutsiya2
2017-06-13 11:45:51
Жакында эле адашпасам ар бир вагондун баасы 150 миллион рубль экен деп жазып чыгышкан. Демек 150 вагон алчу болушса 400 000 000$ жумшалат экен. Деги бизге 150 вагон керекпи?! Жок керек эмес, бул болгону бийликтин крупный акча жегиси келгени. Бул вагондор колдонулабы же дат басып жатабы бийликке баары бир. Бийликтин чонто6уно бул "операциядан" бери болгондо 150-200 миллион доллар акча тушот. Ошол учун вагон алмакчы болуп жатышат. Же калппы?!!
+1
Revolyutsiya2
2017-06-13 11:51:25
Окмот дыйкандардын маселесин чечпесе, жашылча-жемиш экспорттоо учун толгон токой текшеруудон отуп 99 документке кол коюлуп анан гана экспортко уруксат берилсе, дыйкан талаадагы тушумун теруу менен убара болобу же ар бир эшик каккылап документ чогултабы?! Макул документ да алды дейли, Жалал-Абад де Оштон 5-10 тонна сабизи болсо темир жол менен Озбекистанды айланып Россияга барып сатып келеби, актайбы анан ошол расход?!!

Бийлик калп эле дыйканларды ойломуш болбой эле койсун!
+1
Revolyutsiya2
2017-06-13 11:57:16
Кыргыз Темир Жол ишканасы Акаев заманынан бери коррупциянын чордону болууда. Калп эле миллиондогон долларлык сметалар корсотулот вагондорду капиталдык ремонттон откордук деген, чынында ал акчанын ондон бири да ремонтко жумшалбаган болуп чыгат. Нааразычылык кучоп элге угулганда прокуратура кылмыш ишин козгомуш болот да, айлап-жылдап созуп отуруп кылмыш ишин кыскартып жаап коюшат! Деги бизге 150 вагондун эмне кереги бар, Окмот ачык жооп берсинчи?!!
+1
Revolyutsiya2
2017-06-13 12:01:28
400 миллион долларга Кумтордогудой завод курса болот, болбосо айыл чарба продукциясын кайра иштеп чыгуучу 10 чакты завод курса болот! Айта берсе соз коп, кыскасы бул бийлик туп тамырынан бери алмашпайын Атамбаевдин Кулматову 2-Максим Бакиев болуп фондун акчасын жегени жеген, бийлик менен болушуп!!! Акча жасоо учун Гонконгдон контрабанда ташыган бийлик учун фонддун акчасын жеш кеп бекен?!!...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан