"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Мамкаттоонун Аламүдүндөгү бөлүмүнүн сыртына каталар менен жазылып илинген тактай алынды

Чүй облусунун Мамлекеттик каттоо кызматынын Аламүдүн районундагы бөлүмүнүн сыртына 7 ката менен жазылган тактайча алынып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин автотранспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Максат Бейшеев билдирди.

"Буга чейин мекеменин аталышын жаздырууга буюртма бергенбиз. Кечээ, 13-июнда биз жокто алып келип илип кетишиптир. Ошол учурда тургундар сүрөткө тартып алышыптыр. Бул компьютерден текстти терип жаткан учурда кетирилген ката болуптур. Аны биз дароо алып таштадык", - деди Бейшебаев.

Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" мекеминин аталышы жазылган тактайчаны сүрөткө тартып, каталарын белгилеп жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
grace
2017-06-14 11:07:58
Эл айтпаса эле иштебей турган болушту го биздин чиновниктер
+4
butun.kg
2017-06-14 11:39:41
Мектепти аран бутуп, ВУЗ ду акча мн бутуп, акча мн жумушка орногондор. Мына таза коом.
+5
dina1983-19
2017-06-14 11:44:26
Кечээ илдик эле дейтго.
+1
tachkomur
2017-06-14 11:52:41
6 элэ ката го
-8
kechirmeni
2017-06-14 12:08:52
Азыр полиграфичский центрлерде кобунчо озбек туугандар иштейт жана коп каталарды кетиришет
+3
pixduel1
2017-06-14 15:19:15
kechirmeni,ооба озбектер иштейт андай жерлерде, бул эле эмес паспорт, куболук, больницада да даже атынды туура жазбайт , озбекче аралаштырып жазышат! Аларды тазаласа болбойбу дейм да, ушунун айынан эки уч жолу барып жаздырасын!
0
Nazi_92
2017-06-14 14:06:48
ушул кабарды чыгарган адамга бергиле смартфонду. ушинтип тилибизди онуктурбосок.
+1
Fidel
2017-06-15 00:33:21
Nazi_92, Мен дагы ойлоп турам ушул жаран смартфонду утуп кетти го деп! Ушундай койгойду чыгарган учун Мамкаттоо дагы сыйлык берип койсун!
+1
ernis-osh
2017-06-15 19:30:41
Туура ушул окурманга бериш керек себеби ал айтып чыкпаганда дагы канча жыл илинип турат эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан