Акыркы күндөрү абанын температурасы жогорулап, Бишкек шаарында +33 градуска жетти. Ош шаарынын тургундары термометрде көрсөткүч +39 градусту да көрсөткөнүн билдиришти. Күндүн нурунан адам баласы D витаминин алат. Бирок күндүн катуу ысышы кээ бир адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бул күндөрү адамдар кантип ысыктан сактануу керектигин адистер айтып беришти. Дарыгерлер жайдын келиши менен жашоочулардын көл жээгине барып, шишкебек, дымдама сыяктуу эт менен жасалган ашказанга сиңимдүүлүгү кеч болгон тамактарды сунушташпайт. Ошону менен бирге ашыкча күнгө күйүү теринин рак оорусун пайда кыларын эскертишет.
"Жай мезгилинде күн катуу ысып турган учурда адамдар туура кийине билиши керек. Буга чейин жай айларында ак түстөгү кийимди кийүүнү адистер сунуштап келишкен. Кийинчерээк илимде изилденип далилденгендей, ак түстөгү кийим эмес, кызыл, көк түстү тандоо туура. Ошол эле учурда дене эс алып тургандай тор көйнөктөрдү кийиш керек. Баш кийим кийүү сөзсүз сунашталат. Көздүн карегин чагылышкан нурдан сактоо үчүн зыяны тийбеген көз айнек тагуу кажет", - дейт Бишкек шаарындагы улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн дарыгери Болот Турусбеков.
Дарыгер көл жээгинде бир нече сааттар бою кумда жатып эс алуу да ден соолукка терс таасирин тийгизерин белгиледи.
"Кумдуу жээкте тикелей тийген нурдан сактануу зарыл. Эң көп 10 мүнөт нурга денени тосуу, андан соң көлөкөгө жашынуу талап кылынат. Болбосо убакыттын өтүшү менен теринин рак оорусун пайда кылышы мүмкүн. Мындай учурда жашы улгайып калган адамдар салкын жайлардан сыртка чыкпоо керек. Жүрөк, боор оору менен ооругандар, кан басымы көтөрүлүп кетүү коркунучу бар адамдар, кант диабетине чалдыккандар ысыктан абайлаш керек. Бул ооруну алып жүргөндөрдүн иммунитети алсыз болот", - деп кошумчалады Турусбеков.
"Жай күндөрүндө туздуу жана сиңимдүүлүгү кеч болгон майлуу тамактарды жебей коюу туура болот. Маселен, эт менен дымдама, куурдак, шишкебек, туздалган балык, туздалган помидор, бадыраң ашказандын иштешин кыйындатат. Денедеги суюктук тер аркылуу чыгып турат. Мындай учурда адам бир күндө 2 литрдей суу ичип туруусу зарыл. Газдалбаган, кадимки булак суусун ичүү сунушталат", - дейт дарыгер.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 18-июнга чейин өлкө аймагында абанын температурасы +33 градустан +36 градуска чейин жетет. Июнь айынын акыркы жумасында абанын температурасы +33 градустан ашпайт.