Спорттун кикбокс түрү боюнча Дүйнө чемпиону Уланбек Касымбековдун көзүнө шашылыш түрдө операция жасоо керек. Учурда интернет колдонуучулар спортчуга акчалай жардам көрсөтүү зарыл экендигин айтышууда. Уланбек Касымбековдун өзү менен байланышып, оорусу тууралуу төмөнкүдөй жооп алдык:
"Учурда оң көзүмө операция жасатууга муктаждык жаралды. Буга рингдеги мушташ учурунда алган жаракатым себеп болду. 5 ай мурда Казакстандан операция жасатып келгем. Дарыгерлердин айтымында, көздүн чел кабыгы кичирейип баратыптыр. Учурда шашылыш түрдө Москва шаарынан операция жасатуу керек болууда. Ал үчүн 3 миң доллар керек. Мындай акча менде азыр жок болуп жатат", - дейт Касымбеков.
Уланбек Касымбеков кикбокс боюнча Дүйнө кубогунун 2 жолку ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Дүйнө биринчилигинин коло медалынын ээси, 57 килограмм салмакта Дүйнө чемпиону. Мындан сырткары Азия оюндарынын коло медалынын жеңүүчүсү, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн 6 жолку чемпиону аталган.