"Аксыда мыйзамсыз кен казган ишкананын ээси сүйлөшүүгө барган элдин өкүлүн жалган жалаа менен каматып койду" дешет активисттер

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Ак-Суу айыл аймагынын Көк-Кыя айылында "Жер кенчи" фирмасы эч кандай уруксат кагазы жок 2015-жылдан бери алтын казып жатат. Алардын иши мыйзамсыз экендигин айтканы барган элдин өкүлүн ИИМдин түштүк аймагы боюнча тергөө башкармалыгы камакка алган.

Бул туурасында бүгүн, 16-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында аталган райондун жергиликтүү жашоочуларынын атынан келген өкүл Муратбек Анарбеков билдирди.

"Жер кенчи" 2015-жылдары кен казуу иштерин баштаган. Алар башында баары мыйзамдуу, жергиликтүүлөрдү да жумушка алабыз деп убада кылышып, кийин фирманын жетекчиси Алмагүл Ташкулова убадасын аткарбай койду. Аны менен элдин атынан сүйлөшүүгө барган "Ынтымак" коомунун жетекчиси Курманбек Иманкуловду "мени коркутуп жатат" деген жалган жалаа жаап, милицияга арызданат. ИИМдин түштүк аймагы боюнча тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин "опузалап коркутуу, зомбулук көрсөтүү" беренеси менен ушул жылдын 19-майында Иманкуловду камакка алды. Камакка алынган Иманкуловдун Ташкулованы коркуткандыгы боюнча эч кандай далилдер жок. Биз бүгүн жогорку бийликтегилерге үнүбүздүү жеткирүү үчүн, элдин атынан сүйлөшүүгө барган Иманкуловдун үстүнөн жүргүзүлгөн кылмыш иши акыйкат жүргүзүлүүсүн талап кылып келдик", - деди Анарбеков.

Ошондой эле учурда "Жер кенчи" ишканасынын кен казуу иштерин тиешелүү органдар токтоткондугун кошумчалады. Ал эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги аталган ишканага лицензия бербегендигин кат түрүндө тастыктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jyrgal_msk
2017-06-16 12:45:35
Ким кааласа казып ала бергиле.Мына биздин кайдыгер окмотубуз.
+3
suban78
2017-06-16 13:12:13
Бир чондун ишканасы да, коросунор го, басты басты болуп кетет
+3
Revolyutsiya2
2017-06-16 14:01:20
"Крышасы" СДПК болсо керек да, кутуруп жатканына караганда...
+2
mirbek2211
2017-06-16 14:03:23
Алмагүлдүн кандай аял экенин жергиликтүү тургундар баары билет. Акыры жапкан экен ишканасын. Мини бандиттерди кошуп алып эч кимди тоготпогон аял , акчасы көп, "бир кыйында" кыскасы.
+2
Anikin83
2017-06-16 14:22:31
Кок-Кыяны эчак эле талкалап алтынын алып кетишкен Алмагулдун крышасы бар ошон учун жергиликтуу элди тоотпой казып кеткен
+2
Anikin83
2017-06-16 14:27:56
Revolyutsiya2 туура айтасын "шоопур"экен крышасы
+1
Edward.14
2017-06-16 15:08:51
Кок-Кыяны бут казып жок кылдыда,бир жакшынакай жер эле.
+2
jibew
2017-06-16 22:17:53
Аксуулуктар менен Ташкомурлуктордун талашкан жери Кок Кыя. Ошол Алмагул Аксуулук болгондо минтип чыкпайт эленер. Себеби жумушчуларды Аксуулуктардан алмак. Жакшынакай болуп иштеше бермексинер. Алтын бар жерде ызы чуу,уруш жанжал болуп турат.
0
grace
2017-06-16 22:31:48
Ой тобо, каалагандай эле каза берсе, бул эмне деген бийлик? Көздөрүн таптакыр эле май басып калыптыр да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан