ЖЫЛНААМА, 17-ИЮНЬ: 54 жыл мурун Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Аптап" көркөм фильминин бет ачары болгон

Мындан 54 жыл мурун, 1963-жылы 17-июнда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Бото көз" чыгармасынын негизинде тартылган "Аптап" көркөм фильминин бет ачары өткөрүлгөн. "Аптап" көркөм тасмасын режиссёр Лариса Шепитько тартып, чыгарманын бет ачары "Октябрь" жана "Ысык-Көл" кинотеатрларында көрсөтүлгөн. Кийин бул кино Орто Азия жана Казакстан кинематографисттеринин сынагында жеңүүчү деп таанылган. Ошондой эле "Аптап" көркөм фильми 1960-жылдардагы кыргыз кинолорунун катарынан татыктуу орун алган. Тасмада Болот Шамшиев, Нурмухан Жантурин, Клара Юсупжанова, Күнболот Досумбаев, Даркүл Күйүковалар роль жаратышкан.

17-июнга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан