Камчыбек Ташиев: "Өлкө кыйын абалда турганда элибиздин башын бириктирип, кырдаалдан алып чыга ала турган лидер керек"

Бүгүн улуттук филармонияда, “Ак Шумкар” партиясынын съезди өтүп анда негизги маселе катары Темир Сариевди президенттикке көрсөтүү маселеси каралды.
Анын жүрүшүндө саясатчы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөдү. "Мен даярдыгы жок келгендиктен өз оюмду айтайын. Урматтуу делегаттар, "Ак Шумкар" партиясынын мүчөлөрү, Темир Сариевди президенттикке талапкер катары көрсөткөнүңүздөр менен куттуктайм жана бул чечимди колдойм. Өлкөнүн бириктирүү боюнча үмүтүңүздөр ишке ашат деп ишенем", - деди Ташиев.
“Бардык президенттикке талапкерлер өлкөнүн өнүгүүсүн каалашат. Бүгүнкү күндө коомубуз, партиялар майдаланып кетти. Биздин бийликтин жүргүзгөн саясатынын негизинде бардыгыбыз чачылдык, төгүлдүк, таландык. Эми ушунун баарын бириктире турган адам келиши керек. Мамлекетибизде элимди, журтумду башкарам, элге, журтка кызмат кылам, эртеңки келечегин аныктайм деген уул-кыздарыбыз жок эмес. Кыргызда ушуга чейин “өсөр элге бир башчы, миң баатыр болот, өспөс элге миң башчы бир баатыр болот” деп айтылып келген. Баатыр көп болушу мүмкүн, бирок лидер бирөө болот. Ал өлкөнүн өнүктүрө ала тургандай болушу керек. Өлкө ушундай кыйын абалда турганда бизге элибиздин башын бириктирип, кырдаалдан алып чыга ала турган лидер керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Ташиев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tulpar90
2017-06-19 14:16:57
Ал лидер Адахан Кимсанбаевич Мадумаров да.
+9
aravan.kg
2017-06-19 14:26:09
Садыр Жапаров татыктуу
0
adilbars
2017-06-19 14:52:26
Атамбаевди кайра шайлап алалы деп койбоптур да бир жолу, кошоматчы! Ушуга окшогондор турганда эл биригеби? Кыйынчылыктан чыгабы? Садырды кыйратып коюп, эми Темирге оттунбу? Сага окшогондун башына озу Сариевдер жетет, колдой бер! Биз да колдойбуз Темир Сариевди!
-4
shalpak
2017-06-19 14:57:44
Туура айтат, Темир Сариев президент болууга татыктуу. Колдойбуз!
-22
aravan.kg
2017-06-19 19:51:08
shalpak,Сариев премер болуп турганда озбекстан бир канча жеринди басып албадыбы,сариевди корсотуштуго чондор
+4
Ali-91
2017-06-19 17:05:02
Ажолукка Садыр Жапаров гана татыктуу!!!Садыр мырза мекеним дейт,калганы мен дейт.
0
Mers124
2017-06-19 17:21:25
Текебаев гана татыктуу жанан чыныгы лидер. Эч кимден коркпойт.
-2
jigit.paren
2017-06-19 19:08:47
Туура чечим негизи ушул оппазицияда жүргөн лидерлер баары биригип бир талапкер чыгарышса жакшы болмок, баардыгы биригип Темир Сариевтин тегерегине чогулушса жакшы болмок.
-5
tyrgon
2017-06-20 00:55:06
ааана адахан мадумаров бакиевтин инисине чепкен жаап калпак кийгизип журбоду беле эми ушул адахан президент болом дейби жакшы экен э Эл душманга чепкен жаап анан эш нерсе билмексен болп президент облом деп :-)
0
CEO
2017-06-20 13:32:46
Ташиев да ойдон-тоодон суйлоп журо берет. Ак-шумкардын жыйынына катышкыча кан досу, Ата-Журт партиясынын озуно окшогон 2-тен торагасы Садыр Жапаровдон кабар алып сот процесстерине катышса болмок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан