Орозо айт 26-июнга белгиленди

Орозо айт 26-июнга белгиленди. Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришкендей, быйыл орозонун күнү 30 күнгө толукталат.

"Ислам шариятында Орозо айт күнү жаңы чыккан Айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Эгерде Айдын жаңыруусу боюнча бир күнгө айырмаланып калса, 25-июнь күнү Орозо айт болушу мүмкүн экендигин эскертебиз. Өткөн жылы Ай бизге бир күн мурун көрүнгөндүктөн орозо 29 күн болгон", - деди Муфтият өкүлү.

Кыргыздын Эмгек кодексине ылайык, өлкө жарандары Орозо жана Курман айт күндөрү эс алышат. Эгерде Орозо айт 25-июнга туура келип калса, эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен дүйшөмбү күнгө жылдырылат. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, бул тууралуу азырынча токтом чыга элек.

Ал эми Орозо айт намазын Бишкекте эски аянтка окуу пландалып жатканы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
jooshbala
2017-06-20 12:14:49
Москвада качан экен?
+2
Muslim_KGstana.
2017-06-20 12:19:19
jooshbala,Москвада 30-июньда болот экен))
-10
kirgizstan
2017-06-20 14:08:19
Muslim_KGstana., тамаша кыла турган суроого тамаша менен жооп берсен жарашат. мындайда кичине ойлонуп анан жооп узатсан
+3
Muslim_KGstana.
2017-06-20 12:15:15
Ошондо быйыл деле 29 кун болуп калабы эмне?
+1
mekenchil_jigit
2017-06-20 12:23:25
Россия аймагында кайсыл күнү күтүлүп жатат? Супер инфо маалымат алып бериңиздерчи?
+1
Muslim_KGstana.
2017-06-20 12:30:35
mekenchil_jigit,30-июньда))
-5
kirgizstan
2017-06-20 14:09:20
Muslim_KGstana.,акылын менен жерге кир .
0
Muslim_KGstana.
2017-06-20 15:28:27
kirgizstan,акылынар менен жерге киргиле силер))
Москва менен Кыргызстан эмне эки башка планетабы же Орозону алар эрте биз кеч баштадыкбы же дуйно жузундо ошондой факт болдубу? Силер кичине акыл иштетип анан суроо берсенер))
-2
kirgizstan
2017-06-20 16:16:48
Muslim_KGstana.,
Москва менен кыргызстан эки башка планета эмес .
Бирок айырмачылык бар ооз ачуу убактысын карап кор Кыргызстанда 8ден отуп ооз ачылса Москвада 9дан отуп ооз ачылат. Бир кун алдын кийин айт белгиленген кун болгон.
Жыртандабай адамча жооп кылсан болот . какшыктап жооп узатып оозун кыйшайып калбасын Орозонун кунундо
+1
anash
2017-06-20 13:23:31
Kadyr tun kachan?
0
rysik79
2017-06-20 14:46:37
Орозонор кабыл болсун
0
jooshbala
2017-06-20 15:26:01
Мен тактадым кадыр түн,21 ринен 22 сине караган тунү москвада,ал эми орозо айт 25- июнда экен
0
Arsenal2
2017-06-20 20:52:31
Многу комменттегиоер жакшы эмес озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан