ЖЫЛНААМА, 23-ИЮНЬ: Футболчу Зинедин Зидан 45 жашка толду

Теги алжирлик болгон атактуу француз футболчусу, дүйнөнүн 3 жолку мыкты оюнчусу Зинедин Зидан 1972-жылы Франциянын Марсель шаарында туулган. Клубдук карьерасын “Канн”, “Бордо”, "Ювентус", "Реал Мадрид" клубдарында өткөрүп, Европадагы бир катар ири мелдештерде жеңишке жетишкен.

2006-жылы Германияда өткөн Дүйнө биринчилигинин финалында Италиянын коргоочусу Марко Матераццини башы менен сүзүп, калыс тарабынан оюндан айдалган. Бул беттеш анын профессионалдык карьерасындагы акыркы беттеши болуп, чоң футбол менен коштошкон.

2016-жылы “Реал Мадрид” футбол командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Аялы Вероника Лентиско Фернандес менен 1994-жылы баш кошуп, учурда 4 баланы тарбиялашууда.

23-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан