Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык мекемеде эмгектенген 31 кызматкер сыйланды

Ошто мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанатка шаар жетекчилиги, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлер катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин майрамы менен куттуктады. Салтанаттын жүрүшүндө шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ак ниет эмгеги үчүн 14 кызматкерге мэриянын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы, ал эми 17 кызматкерге баалуу белектер тапшырылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан